Бишкекте түнкү стационарлар бейтаптарды кабыл ала баштады. Сүрөт

Түнкү стационарларда медиктер министрлик тарабынан бекитилген алгоритм боюнча дарылап, асма укол коюп, зарыл болсо бейтапты кычкылтек концентраторуна кошот.
Sputnik

БИШКЕК, 14-июл. — Sputnik. Бүгүндөн тарта Бишкектеги түнкү стационарлар бейтаптарды кабыл ала баштады. Андагы медиктер эртең мененки саат 9:00гө чейин иштешет. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы кабарлады.

Эске салсак, борбор калаада түнкү эки стационар ачылган. Бири 7-кичи районундагы ДСК спорт комплексинин имаратында жайгашкан. Ал жакта 120 орун бар. Ал эми экинчиси — Фрунзе — Орозбеков көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан "Консул" ресторанында ачылды. Анда 100 орун даярдалган.

"Түнкү стационарлар күндүзгүдөн айырмаланып абалы оор бейтаптарды кабыл алат. Бул жакта медиктер министрлик тарабынан бекитилген алгоритм боюнча дарылап, асма укол коюп, зарыл болсо бейтапты кычкылтек концентраторуна кошот", — деп айтылат билдирмеде.

Мэрия түнкү стационарларда санитардык эрежелер сактала турганын эскертти. Медиктер тамак-аш, жеке коргонуучу каражаттар менен камсыздалганы айтылды.