Кыргызстанда пневмониядан 45 адам каза болду

Буга чейин дарыгерлер дагы, бийлик өкүлдөрү дагы пневмонияны коронавирустун кесепетинен келип чыккан оору экенин айтышкан.
Sputnik

БИШКЕК, 14-июл. — Sputnik. Өткөн суткада Кыргызстанда өпкөнү сезгенткен пневмония оорусунан 45 адам каза болду. Бул туурасында Коомдук саламаттык сактоо башкармалыгынын жетекчиси Айнура Акматова билдирди.

Анын айтымында, көз жумган 22 киши Бишкекте, калган 23ү өлкөнүн башка аймактарында катталган.

Ушуну менен март айынан бери пневмония жалпы 497 кыргызстандыктын өмүрүн алды.

Өкмөт: "Ганси" базасында эртең дагы 400 кишилик оорукана ачылат

Белгилей кетсек, буга чейин дарыгерлер дагы, бийлик өкүлдөрү дагы пневмонияны коронавирустун кесепетинен келип чыккан оору экенин айтышкан. Бирок COVID-19 менен пневмониянын статистикасы эки бөлөк берилүүдө.

Өлкө аймагындагы соңку кабарлар менен биздин Telegram-каналдан таанышып туруңуз.