БИШКЕК, 14-июл. — Sputnik. Кытайдын жашоочусу лифтти колдонгону үчүн 70тен ашуун адамга коронавирус жуктурган. Бул туурасында Daily Star басылмасы жазды.
Алар маалыматты Оорулардын алдын алуу жана көзөмөлдөө боюнча америкалык борбордон алган.
Окуя Кытайдын Хэйлунцзян провинциясында болгон. Эпидемия басаңдап калды деген маалда адистер оорунун капыстан эле кайрадан чыгып кеткенин изилдей баштаган. Инфекцияны ким таратканын табуу милдети турган.
Кытайдын алдыңкы эпидемиологу COVID пандемиясы качан бүтөрүн божомолдоду
2-апрелде коронавирустан улам инсультка кабылган кишини ооруканага алып келишкен. Ал тесттин жыйынтыгын күтүп отуруп, палатадагы 20 кишиге, ага чейин үч баласына жуктурган. Алар дагы 28 кишинин ооруп калышына себепкер болушкан. Булардын арасына медициналык жайдын беш кызматкери да кошулуп калган.
Ал арада ооруканага дал ошондой диагноз менен дагы бир эркек кишини алып келишкен. Дарыгерлер ким менен байланышта болгондугун тактап, аларды текшере келгенде баарынан COVID чыккан. Мындан сырткары, ооруп калган кишилердин кошуна экени анык болгон.
Бул жагдайдан кийин адистер көп кабаттуу үйдүн жашоочуларынан кайсы жерде ооругандар жашарын сурап чыгууну чечкен. Көп өтпөй алардын арасында жакында эле АКШдан келген аял жашары аныкталган. Андан сурай келгенде COVID-19дун эч кандай симптомдору болгон эмес, ал инфекцияны алып жүргөн адам болуп калгандыгынан шек санаган да эмес. А бирок текшергенде анализи вирустун бар экендигин тастыктаган.
АКШнын башкы инфекционисти COVID пандемиясынын күчөй турганын болжоду
Адистер ооруп калган ар бир кишинин кайда барганын, кайда турганын кылдат изилдеп баштаган. Акырында АКШдан келген аялдын 71 кишини коронавирус менен ооруканага "жөнөткөнү" белгилүү болгон. Анткен менен ал бир дагы кошунасына жолуккан да, сүйлөшкөн да эмес. Баарын иликтеп, тактап чыккан эпидемиологдор вирус үйдө орнотулган лифтке түшкөндө жашоочуларга жуккан деген бүтүмгө келген.