Боронов: чет өлкөдөн учак менен дары алып келебиз, тартыштык бир-эки күндө жоюлат

Кыргыз өкмөтү дары алуу боюнча Кытай, Индия, Пакистан жана КМШ өлкөлөрү менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатат.
Sputnik

БИШКЕК, 14-июл. — Sputnik. Бир-эки күндүн ичинде өлкөдө тартыш болуп жаткан дары-дармектердин ири партиясы чет өлкөдөн алып келинет. Бул тууралуу премьер-министр Кубатбек Боронов брифинг учурунда билдирди.

Анын айтымында, медикамент алып келүү боюнча Кыргызстандын чет жактагы  элчиликтери сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, соңуна чыгып калды.

"Кудай буюрса эртең-бүрсүгүнү чартердик каттам менен алып келип, биздеги дары-дармекке болгон тартыштыкты толугу менен жоюуга мүмкүнчүлүк түзүлөт. Дипломатиялык каналдар аркылуу мамлекеттик деңгээлде сүйлөшүү жүрдү. Бул иштер Кытай, Индия, Пакистан жана КМШ өлкөлөрү менен болуп жатат", — деди Боронов.

Аспирин, гепарин жана дексаметазон кандай шартта колдонулат. Адистин кеңеши

Өкмөт башчы элди медикаменттер менен камсыздоо иштери аягына чыгарын дагы бир ирет белгиледи.