Коронавирус дагы эки адамдын өмүрүн алып кетти

Каза болгон 58 жаштагы эркек киши менен 67 жаштагы аял Жайыл аймактык ооруканасында дарыланып жаткан.
Sputnik

БИШКЕК, 14-июл. — Sputnik. Кыргызстанда бир сутка ичинде эки киши коронавирустан каза тапты. Бул тууралуу Республикалык штаб билдирди.

Ага ылайык, каза болгон 58 жаштагы эркек киши менен 67 жаштагы аял Жайыл аймактык ооруканасында дарыланып жаткан.

Дүйнөдө COVID-19 жуктургандардын саны 13 миллиондон ашты

Ушуну менен коронавирус жуктуруп алып каза тапкандардын саны 149 кишини түздү.