Бир суткада коронавирустан 109 киши айыгып чыкты

Илдеттен сакайып ооруканадан үйүнө чыгарылгандардын басымдуу бөлүгү Бишкек шаары менен Чүй облусунда.
Sputnik

БИШКЕК, 14-июл. — Sputnik. Бүгүн Кыргызстанда 109 адам коронавирустан айыгып үйүнө чыгарылганын Коомдук саламаттык сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова брифингде билдирди.

Бишкек шаарында 48, Чүй облусунда 23, Ош шаарында эки, Ош облусунда беш, Жалал-Абадда сегиз, Баткенде беш, Нарында 14, Ысык-Көлдө төрт киши сакайган. 

Ушуну менен жалпы айыгып чыккандардын саны 3 569 болду. Мындан сырткары, үйдө изоляцияда дарыланып жаткан жарандардын арасынан 1 426 киши айыкты. Республика боюнча илдеттен айыккандардын жалпы саны 4 995 кишини түздү.