БИШКЕК, 14-июл. — Sputnik. Бүгүн Кыргызстанда 421 адамдын коронавирус жуктуруп алганы аныкталды. Бул тууралуу Коомдук саламаттык сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова брифингде билдирди.
Анын айтымында, жаңы катталган учурдун 97си медицина кызматкерлери.
- Бишкек шаары – 176;
- Чүй облусу - 87;
- Ош шаары - 58;
- Ош облусу - 6;
- Жалал-Абад облусу - 40;
- Баткен облусу - 21;
- Ысык-Көл облусу - 31;
- Нарын облусу - 1;
- Талас облусу - 1.
Кыргызстанда пневмониядан 45 адам каза болду
Ушуну менен республика боюнча вирус жуктуруп алгандардын жалпы саны 11 538 болду. Азыр стационарда 652 бейтап дарыланып жатат, анын 21и реанимацияда. Үй карантининде 5 742 адам дарыланууда. Ооруканадан 3 569 киши айыгып чыкты. Тилекке каршы, 149 бейтап каза болуп калды.