Бишкекте беш лаборатория иммуноферменттик анализ ала баштады. Тизме

ИФА (иммундук-ферменттик анализ) тести аркылуу адамдын организминде коронавирустун бар экенин же өтүп кеткенин билүүгө болот.
Sputnik

БИШКЕК, 14-июл. — Sputnik. Бишкекте беш менчик лабораторияда ИФА (иммундук-ферменттик анализ) методу менен анализ алына баштады. Бул тууралуу Коомдук саламаттык сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова брифингде маалымдады.

Анын айтымында, бул тест аркылуу адамдын организминде коронавирустун бар экенин же өтүп кеткенин билүүгө болот.

Кыргызстан учурда өпкөнү жасалма дем алдырган 220 аппаратка муктаж

"Мындай тесттер Бишкектеги "Бонецкий", Auqalab, Human, "Интермедикал" жана Eurolab менчик лабораторияларында жүргүзүлөт. Алар Санитардык жана эпидемиологиялык көзөмөл борборунун уруксатын алышкан. Буга чейин Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун Кыргызстандагы өкүлчүлүгү менен калктын канча пайызы коронавирус жугузганын билүү максатында элди беш топко бөлүп текшерүү тууралуу сүйлөшкөнбүз. Өлкөнүн бардык облустарында бул иш-аракеттер башталды", — деди Акматова.

Ал сасык тумоо же коронавирустун белгилери байкалган адамдарды ИФА (иммуноферменттик анализ) тапшырууга барбай кое турууга чакырды. Ошондой эле коронавирус жуктурган адам менен акыркы 14 күндө байланышта болгондор дагы иммундук-ферменттик анализ тапшырбай кое турушу керектигин кошумчалады.