БИШКЕК, 14-июл. — Sputnik. АКШнын Колумбия университетинин окумуштуулары COVID-19 дем алуучу органдарга эле залакасын тийгизүү менен чектелбейт, мындан улам бул вирусту респиратордук оору катары гана кароого болбойт. Бул туурасында Nature Medicine журналы жазып чыкты.
Окумуштуулар COVID-19 адамдын организмине киргенде өпкөдөн дагы башка органдарды жабыркатары боюнча биринчи илимий иликтөөсүн чыгарды. Ага ылайык, коронавирус тамырларга кан уюп, жүрөктүн иштешин бузуп, бөйрөк ооруларын козгойт. Мындан сырткары, илктөөнүн авторлору COVID-19 ашказан-ичеги ооруларын, гипергликемия (кандын сары суусунда глюкозанын көбөйүшү), кетоз жана неврологиялык ооруларга себепчи болуп, көз менен териге да зыян келтирерин белгилейт.
Дүйнөдө COVID-19 жуктургандардын саны 13 миллиондон ашты
"Мындай көрүнүштү респиратордук оорулар менен биргеликте дарылоо маанилүү. Медицина адистери COVID-19ду мультисистемалык оору катары карашы керек", — деп айткан иликтөөнүн авторлорунун бири Аакрити Купта.
Ошондой эле америкалык адистер жогоруда аталган оорулар пайда болсо алдын алуу үчүн стероиддик жана антикоагулянттык препараттарды колдонуу керектигин айтат.