Ювеналдык пробация өспүрүмдөр үчүн иштейт. Анын негизги максаты — жашы жете элек кылмышкерди экинчи ирет ал чөйрөгө аралашпоосуна жардам берүү. Бул тууралуу Руслан Романов Sputnik Кыргызстан радиосунана маек куруп жатып билдирди.
Романов: пробациялык көзөмөл беш жылга чейин кесилгендерге колдонулат
Анын айтымында, аталган пробациянын кардарларынын укук, милдеттери өзүнчө каралган.
"Ювеналдык пробацияда өспүрүмдүн кылмыш чөйрөсүнө андан ары тартылып кетпөөсүн камсыздоо приориттеттүү маселе. Андыктан социалдык көмөк көрсөтүү менен анын моралдык абалы да эске алынат. Атайын психологдор кардар менен тыгыз иштешет. Мындай аракеттерге өспүрүмдүн ата-энеси же аны кароосуна алган жакыны милдеттүү түрдө катышат. Ювеналдык пробация кардары менен адистердин жолугушуусу башка кардарлардан өзүнчө бөлүп өткөрүлөт", — деди Романов.
Ал ювеналдык пробация кардарын жазалоодо тарбиялоо максатында эмгекке тартууга жол берилерин кошумчалады.