Ысык-Көлдүн суусунун сапаты кандай экени айтылды. Сүрөт

Ысык-Көлдүн суусуна жыл сайын үч жолу — сезондун башталышына чейин, сезондо жана мезгил аяктагандан кийин изилдөө жүргүзүлүп турары айтылды.
Sputnik

БИШКЕК, 13-июл. — Sputnik. Ысык-Көлдүн суусунун сапаты бардык талаптарга жооп берет. Бул тууралуу Айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарба агенттигинин маалымат кызматы кабарлады.

Ысык-Көлдүн суусунун сапаты кандай экени айтылды. Сүрөт

Билдирмеге ылайык, агенттиктин кызматкерлери химиялык анализ жүргүзүп, жыйынтыгында бардык пункттардагы суунун сапаты бекитилген стандарттарга жана ченемдерге туура келерин аныкташкан.

Ал үчүн Көлдүн 22 жеринен — пансионат, санаторий жана пляждардагы суунун үлгүлөрү алынган. Ошондой эле 20 дарыянын сууларын пайдаланышкан.

Карантин убагында Ысык-Көлдө эс алууга канча кетет? Карта жана баалар

"Өлкөдөгү эпидемиологиялык кырдаалга байланыштуу лабораториялык иштер бардык санитардык нормаларды тыкыр сактоо менен жүргүзүлдү", — деп айтылат маалыматта.

2016-2019-жылдар аралыгында Көлдүн суусунун химиялык курамы менен сапатында олуттуу өзгөрүүлөр болбогону белгиленет. Ысык-Көлдүн суусуна жыл сайын үч жолу — сезондун башталышына чейин, сезондо жана мезгил аяктагандан кийин изилдөө жүргүзүлүп турары кошумчаланды.