БИШКЕК, 13-июл. — Sputnik. Ысык-Көл облусуна 4 миң 250 ампула гепарин дарысы алып келингенин Республикалык штаб кабарлады.
Маалыматка ылайык, аталган дары "Неман" дарыкана түйүндөрүндө сатылууда. Бир адамга бирден таңгак дары врачтын көрсөтмөсү менен берилет.
Дары-дармек кампасынын алдындагы түнкү кезек. Бишкекте тартылган видео
Дарыканалардын дареги:
- Каракол шаары, Абдрахманов көчөсү, 123, №19 дарыкана пункту;
- Каракол шаары, Токтогул көчөсү, 45, №831 дарыкана пункту;
- Каракол шаары, Абдрахманов көчөсү, 142, №79 дарыкана пункту;
- Балыкчы шаары, №29 дарыкана пункту;
- Бөкөмбаев айылы, №40 дарыкана пункту;
- Түп айылы, №45 дарыкана пункту;
- Кызыл-Суу айылы, №75 дарыкана пункту;
- Теплоключенко айылы, №58 дарыкана пункту;
- Талды-Суу айылы, №33 дарыкана пункту.
Учурда республика боюнча вирус жуктуруп алгандардын саны 11 117ге жетти. Анын 3 134ү айыгып чыгып, тилекке каршы, 147си көз жумду.