Мэрия: эми ар бир райондо түнкү стационарлар ачылат

7-кичи райондогу ДСК спорт комплексинин базасында бир стационар (97 орун) даярдалды. Мындан сырткары, шаардагы ири ресторандын имараты акысыз берилген.
Sputnik

БИШКЕК, 13-июл. — Sputnik. Борбор калаанын ар бир районуна түнкү стационар ачуу иштери жүрүп жатат. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы кабарлады.

Ага ылайык, 7-кичи райондогу ДСК спорт комплексинин базасында бир стационар (97 орун) даярдалды. Мындан сырткары, "Консул" ресторанынын ээлери дагы имаратты акысыз беришкен.

Ош шаарында ачылган стационарлардын графиги жана дареги

"Орундар даяр болду. Азыркы тапта асма уколдор үчүн жабдуулар орнотулуп, медиктерди чогултуу иштери жүрүп жатат", — деп айтылат маалыматта.

Мэрия буга чейин медик, медайым, санитарларды жумушка чакырган.

Мэрия: эми ар бир райондо түнкү стационарлар ачылат

Эске салсак, шаарда 12 күндүзгү стационар иштеп жатат. Аларда тогуз күндүн ичинде 23 миң 819 адам кабыл алынган.