Ак жүрөк, колу ачык киши эле. Михаил Рогожиндин кадрда калган ирмемдери

Sputnik

Үстүбүздөгү жылдын май айында Михаил Степанович 51 жашка толгон. Ал Sputnik Кыргызстан агенттиги жаңыдан түптөлгөндөн бери иштеп келген эле. Өз ишин майын чыгара жасап, эч кимден жардамын аябаган, акылман жана ак көңүл адам болчу.

Кош болуңуз, Михаил Степанович! Sputnik Кыргызстандын эскерүү видеосу
Михаил Рогожин бир катар жалпыга маалымдоо каражаттарында эмгектенди. 1990-жылдын орто ченинде Бишкектеги телерадиокомпаниялардын биринде шеф-редактор болгон. Кыргыз-орус славян университетинин эл аралык журналистика кафедрасында студенттерге сабак берген.

Ал көп кырдуу таланттын ээси эле, көркөм чыгармаларды жазып, көп адамдарга жардам көрсөткөн.

Sputnik Кыргызстан агенттиги жана радиосунун жамааты Михаил Степановичтин жакындарына жана туугандарына терең кайгыруу менен көңүл айтат. Аза кайгысын тең бөлүшөт.

1 / 11
Михаил Степанович май айында 51 жашка толду. Биздин редакцияда мындай учурда чоң залдагы жумуш ордубузга чогулуп "Туулган күнүң менен" деп ырдап куттуктоо салтка айланган. Тилекке каршы, быйыл карантинден улам баарыбыз үйдөн иштеп, мессенджер аркылуу гана куттуктап калдык.
2 / 11
Ал кеңседеги диктофондон кондиционерге чейин кам көрүп бардык техниканы орду-орду менен иштеткен. Кайсы бир техника бузулуп калса биринчи журналистти карап тамашалап, андан ары оңдоого жардам берчү.
3 / 11
Кесиптешибизди "басып жүргөн энциклопедия" десек жарашмак. Кеп векселдик кредиттер менен башталып интернеттеги жаңы долбоорлорго жетсе да баарын билип турчу.
4 / 11
Анын көңүл көтөргөн тамашалары бар эле, бизди "братцы-кролики", "зяблики" деп атап, астыбызга таттууларды коюп кетчү. Азыр деле анын столунда момпосуйлар сакталуу болуш керек.
5 / 11
Редакцияда кимдир бирөөнүн туулган күнүнө чогулуп калсак, алгач кыска сүйлөп күлдүрүп, андан ары каалоо-тилегин айтчу.
6 / 11
Михаил Рогожин журналистика тармагында бир нече жылдан бери иштеп келген. Кесиптештери анын чынчылдык мүнөзүнө баа беришчү.
7 / 11
Аны достору, жетекчибиз жана бухгалтерибиз "Наш любимый Степаныч" деп аташчу. Калганы Миша байке деп коюшаар эле.
8 / 11
Жумушунан сырткары ал Facebook тармагында бир нече группаларды башкарчу. Жеке жашоого киришип, диний маселелерди козгоп же далили жок бирөөлөрдү айыптагандарды чыдап карап тура алчу эмес.
9 / 11
Михаил Степанович менен бир маселени талашыш үчүн бир жума "Википедияны" окуп жана кошумча дагы бир жогорку билим алуу талап кылынмак. Ошончо окуяны, фактыларды эстеп каларына таң калчубуз.
10 / 11
Ал кандай маселе болбосун, акылга салып жай гана чечип койчу. Өзүнүн ишин бүтүргөнчө эле башкаларга жардам берип койгон адам эле. Михаил Степанович, ушундай киши болгонуңуз үчүн рахмат!
11 / 11
Михаил Рогожиндин дүйнө салышы ар бирибизди кайгыга салды, биз үчүн чоң жоготуу болду. Sputnik редакциясынын бардык кызматкерлери Михаил Степановичтин үй-бүлөсүнө көңүл айтат.