Бүгүн өлкөдө дагы 488 киши COVID жуктуруп алды

Калаада учурда 12 күндүзгү стационар иштеп жатат. Ал жактан медициналык жардам алып айыккан адамдар каттала баштады.
Sputnik

БИШКЕК, 13-июн. — Sputnik. Акыркы маалымат боюнча, өлкөдө дагы 488 адамдан коронавирус аныкталган. Бул тууралуу Коомдук саламаттык сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова брифинг учурунда билдирди.

  • Бишкек шаары – 265;
  • Чүй облусу - 37;
  • Ош шаары - 45;
  • Ош облусу - 26;
  • Жалал-Абад облусу - 51;
  • Баткен облусу - 43;
  • Ысык-Көл облусу - 15;
  • Нарын облусу - 4;
  • Талас облусу - 2.

Ушуну менен республика боюнча вирус жуктуруп алгандардын саны 11 117ге жетти.