Казакстан коронавирустан каза болгондорду эскерип аза күтүүдө

Бүгүн Казакстандын шаарларында мамлекеттик туулар түшүрүлдү. Каза болгондорго багышталып бардык мечиттерде куран окутулат.
Sputnik

БИШКЕК, 13-июл. — Sputnik. Казакстандын эли бүгүн коронавирустан каза болгондорду эскерип, Улуттук аза күтүү күнүн өткөрүп жатышат. Бул тууралуу Sputnik Казакстан маалымат агенттиги жазды.

Казакстандын шаарларында мамлекеттик туулар түшүрүлдү. Каза болгондорго багышталып бардык мечиттерде куран окутулат. Саат 12:00дө өлкө боюнча аза мүнөтү өтөт.

Өзбекстанда коронавирустан өлгөндөрдүн саны кескин өсүп кетти

Казакстанда коронавирустан биринчи болуп 26-мартта Акмоло облусунун Косшы айылынан 64 жаштагы аял каза болгон. Ведомстоволор аралык комиссиянын маалыматына ылайык, 12-июлга карата өлкөдө бул илдеттин курмандыгы болгондордун саны 375ке жетти.

Буга чейин Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев 13-июлду коронавирустан каза тапкандарды эскерип Улуттук аза күтүү күнү деп белгилеп, казакстандыктарды эл башына оор сыноо келип турганда жоопкерчиликтүү, кайраттуу жана сабырдуу болууга чакырган.

Ушуну менен өлкөдө эгемендикти алгандан бери тогузунчу жолу Улуттук аза күтүү жарыяланууда.