Германиядагы элчи Эринес Оторбаев кызматынан бошотулду

Элчилик кызматка Оторбаев 2015-жылдын 24-июнунда дайындалган. Ага чейин тышкы иштер министринин орун басары болуп иштегени маалым.
Sputnik

БИШКЕК, 13-июл. — Sputnik. Кыргызстандын Германиядагы элчиси Эринес Оторбаев ээлеген кызматынан бошотулганын президенттин маалымат кызматы кабарлады.

Билдирүүдө тийиштүү жарлыкка өлкө башчы Сооронбай Жээнбековдун кол койгону айтылат.

Бактыгулов: шайлоону жылдырууга мыйзам жол бербейт

Оторбаев элчилик кызматты 2015-жылдын июнунан бери аркалап келген.