Өкмөт: "Ганси" базасында эртең дагы 400 кишилик оорукана ачылат

Кошумча орундар оор абалдагы бейтаптарды дарылоо жана динамикалык байкоо үчүн даярдалып жатканы айтылды.
Sputnik

БИШКЕК, 13-июл. — Sputnik. Мурдагы "Ганси" базасынын аймагында жайгашкан "Семетей" обсервациясында 400 орунга ылайыкталган интенсивдүү терапия палаталары ачылат. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы премьер-министр Кубатбек Бороновдун обсервациянын иши менен таанышуу учурунда белгилүү болгонун билдирди.

Коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитеттин балансындагы эки кабаттуу алты имаратта учурда капиталдык оңдоо иштери жүрүп жатканы айтылат. Өкмөттүн билдиришинче, орундар оор абалдагы бейтаптарды дарылоо жана динамикалык байкоо үчүн даярдалууда.

"Бишкек шаары менен Чүй облусунда COVID-19 жана пневмония менен ооругандардын санынын көптүгүн эске алып ыкчам түрдө кошумча орундарды ачуу чечими кабыл алынган. Мында сапаттуу дарылоо жана медициналык персоналдын иши үчүн бардык шарттар эске алынат", — деди Боронов.

Өкмөт интенсивдүү терапия палаталары эртеңден баштап бейтаптарды кабыл ала турганын убадалады.

Бишкектегидей кырдаал кайталанбашы үчүн аймактарда даярдык кандай? Расмий жооп

Эске салсак, "Семетей" обсервациясында жаңы 400 орунду кошкондо жалпы 1 700 бейтапты дарылоого мүмкүнчүлүк түзүлмөкчү.