Россиялык дагы бир мушкер UFC чемпиону аталды. Видео

Спортчу бешинчи раундда атаандашын техникалык нокаут менен утуп алды. Анын каршылашы жарым жеңил салмактагы UFC уюмунун экс-чемпиону жана WEC версиясы боюнча аралаш мушташтын мурдагы чемпиону.
Sputnik

БИШКЕК, 12-июл. — Sputnik. Россиялык мушкер Петр Ян бразилиялык Жозе Алдону жеңип, жеңил салмактагылар арасындагы UFC уюмунун чемпиондук курун тагынды.

Беттеш бүгүн, 12-июлда, UFC 251 "Мушкерлердин аралында" турниринин алкагында өттү. Чемпиондук кур экс-чемпион Генри Сехудонун спорттук ишмердүүлүгүн жыйынтыкташы менен ээсиз турган.

27 жаштагы россиялык спортчу бешинчи раундда атаандашын техникалык нокаут менен утуп алды.

​"Мен беттеш оор болорун билгем. Ошол үчүн анча шашкан жокмун. Биздин максат аны чарчатып, үчүнчү раундда жигердүү чабуулга өтүү болгон", — деди жеңишке ээ болгон Петр Ян.

Муну менен 27 жаштагы Ян өзүнүн карьерасында 15 жолу жеңүүчү аталып, буга чейин бир жолу утулган. Ал Хабиб Нурмагомедовдон кийин эле россиялык экинчи UFC чемпиону боло алды.

UFC: бирин-бири аябай... Жарым жеңил салмактагы дивизиончулар беттешкен видео

33 жаштагы Жозе Алдо болсо жарым жеңил салмактагы UFC уюмунун экс-чемпиону жана WEC версиясы боюнча аралаш мушташтын мурдагы чемпиону болчу. Спортчу 24 беттеш өткөрүп, алты каршылашынан утулуп калган.