БИШКЕК, 12-июл. — Sputnik. Бүгүн эртең менен Нарын облусунда 4,2 баллга жеткен жер титирөө катталды. Бул тууралуу Европалык жер ортолук сейсмологиялык борбордон (EMSC) билдиришти.
Мекеменин маалыматына ылайык, жер 12-июль күнү саат 6.28де силкинген. Анын очогу Ат-Башынын батыш тарабында 45 чакырым алыстыкта экени айтылды. Ал эми тереңдиги эки чакырымга жетет.
Сейсмолог Жумабаев: жер титирээрин алдын ала айтууга болот, бирок бир шарт менен
Жабыркагандар жана жапа чеккендер боюнча расмий маалымат жок.