Клексан 14 миң сомго чыккан! Бишкекте алып сатарлар кармалды. Сүрөт

Финансы полициясынын кызматкерлери учурда дарыларды асмандаган баага саткан кызыл кулактарды Бишкек шаарында колго түшүрдү.
Sputnik

БИШКЕК, 12-июл. — Sputnik. Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызмат (Финансы полициясы) дарыларды сатып алып, кайра элге кымбат соодалагандарды кармады. Бул туурасында аталган кызматтан кабарлашты.

"Сураган акчаңызды берем". Бишкекте дары издемей эмнеге азапка айланды?

Кээ бир дарылардын асмандап кеткендигинен улам Бишкек шаарында рейд жүргүзүлгөн.

Финпол дарыларды сатып алып, кайрадан элге асмандаган баада саткандарды кармаган. Алар учурдагы өлкөнү оору каптаган кырдаалдан пайдаланып лицензиясыз, акча жасоону көздөгөндүгүн билдирди. 

Клексан 14 миң сомго чыккан! Бишкекте алып сатарлар кармалды. Сүрөт

Финполдун кызматкерлери андай адамдарды аныкташ үчүн атайын алардан дары сатып алган. Маселен, учурда бейтаптарга абдан керек болуп жаткан Клексан дарысынын баасы 8 миңден 14 миң сомго чейин чыккан.

Андай фактыларга сотко чейинки өндүрүш иштери ачылган.

Бул дарыны интернет айдыңынан издеген киши Москва шаарында 2400 рублден өйдө сатыларын көрүүгө болот.

Чет өлкөдөн дары-дармек алып келүүгө чектөө кирген эмес. Өкмөттүн жообу

Аталган кызмат алып сатарларга "учурдагы абалдан пайдаланып акчага туйтунам деген фактыларды кескин түрдө токтотууну" эскертти.

Социалдык тармактарда коронавирус илдети менен пневмонияны дарылоодо өтө керектүү жана маанилүү деген дарылар дарыканаларда тез эле түгөнүп калып жаткандыгы жазылып да, айтылып да келүүдө. Эл мунун себебин препараттардын бир тобу алып сатарлардын колуна түшүп калып жаткандыгын айтып келишет.