Кечээтен бери 151 киши коронавирустан айыгып чыкты

Премьер-министр Кубатбек Боронов кечээ штабдын жыйынында ооруканалар ооруп барган бейтапты кайра артка кайтарбашы керектигин айтты.
Sputnik

БИШКЕК, 12-июл. — Sputnik. Кечээтен бери Кыргызстанда 151 адам илдетти жеңип, үйлөрүнө чыгарылды. Бул тууралуу Республикалык штаб билдирди. 

  • Бишкек шаары – 17;
  • Чүй облусу – 96;
  • Ош шаары – 5;
  • Ош облусу – 3;
  • Баткен облусу – 15;
  • Жалал-Абад облусу – 9;
  • Нарын облусу – 5;
  • Талас облусу – 1.

Ушуну менен республика боюнча жалпы 3 387 бейтап айыгып, ооруканадан чыгарылды.