БИШКЕК, 12-июл. — Sputnik. Казакстандын Өзгөчө кырдаалдар комитети атайын учак менен COVID-19 жана пневмониядан дарылоодо колдонулган 600 миң таңгак дары-дармек алып келди. Бул туурасында Sputnik Казакстан жазды.
Аталган жүк бүгүн Нур-Султанга келип түшкөн. Анда өлкөдө тартыш болуп жаткан 350 аталыштагы препарат бар экени айтылат. Алар: ксарелто, цефтриаксонк, клексан, азитромицин, дексаметазон, метилпреднизолон, ибупрофен, нимесулид", кардиомагнил, левофлоксацин, метронидазол, гепарин, парацетамол, офлоксацин жана башкалар.
"Сураган акчаңызды берем". Бишкекте дары издемей эмнеге азапка айланды?
"Бул препараттар эртеңден тарта дарыканаларга жекириле баштайт. Мындан сырткары, жүк ташуучу автоунаалар менен дагы дары-дармектер келе жатат. Медикаменттер менен үзгүлтүксүз камсыздап туруу иштери улантылат", — деп билдирген Нур-Султандын акимчилиги.
Ошондой эле кайсы дарыканада кандай дары бар экенин онлайн көрсөтүп турган covid19.astana.kz/ru портал ачылганы айтылат.
Казак өкмөтү жакында дагы өпкөнү жасалма дем алдыруучу 200 аппарат, 500 флоуметр, 500 кычкылтек концентратор жана компьютердик томографиянын эки комплектин ала турганы айтылат.