Депутат бийликти алмаштырууга чакырык жасаганбы. УКМК иликтеп баштады

Ведомстводон аудио жазуу, үн боюнча экспертиза дайындалгандыгын айтышты. Анда бийликти кулатууга чакырык болгонбу же жокпу деген суроо такталат.
Sputnik

БИШКЕК, 12-июл. — Sputnik. Улутттук коопсуздук боюнча комитет Жогорку Кеңештин депутаты Максат Сабиров тараткан деп социалдык тармакта айтылган аудио жазуу боюнча иликтөөнү баштады. Бул туурасында аталган ведомствонун маалымат кызматынан кабарлашты.

Бул боюнча атайын экспертиза дайындалып, анда мамлекеттин конституциялык түзүмүн күч менен өзгөртүү чакырыгы чын эле болгонбу деген суроо такталат.

Экс-депутат Масалиевдин сынына өкмөт жооп берди

Аудио жазууда эркек киши өлкөдөгү кырдаалды, бийликти сындаган деп айтылган социалдык тармакта.

УКМКдан бул үн жазууга юридикалык баа бериле тургандыгын билдиришкен.