БИШКЕК, 12-июл. — Sputnik. Соңку бир сутканын ичинде 127 медицина кызматкери коронавирус жугузуп алганы аныкталды. Бул туурасында Республикалык штаб билдирди.
Жаңы учурлар төмөнкү аймактарда катталган.
- Бишкек шаарында - 51;
- Чүй облусунда - 44;
- Ош шаарында - 12;
- Ош облусунда - 4;
- Баткен облусунда - 7;
- Ысык-Көл облусунда - 5;
- Талас облусунда - 3;
- Жалал-Абад облусунда - 1.
10 000ден ашты! Дагы 719 адам коронавирус жуктуруп алды
Ал эми бир күндө 6 медкызматкер айыгып ооруканадан чыгарылган.
Жалпысынан өлкө боюнча 1 656 медицина кызматкери COVID-19 оорусуна кабылганы катталган. Анын 552си сакайып чыкты.