БИШКЕК, 12-июл. — Sputnik. Бишкекте түндө 100дөн ашык адам Чүй проспектисиндеги "Неман" дары-дармек кампасында кезекте турушту. Бул тууралуу күбө билдирди.
Анын видеосу "Короче" Telegram-каналына жарыяланды.
Видеонун алдына аталган аптекага гепарин (кандын айлануусуна жардам берген дары) алып келингендиги жазылган. Учурда ал дарыны медицина кызматкерлери коронавирус жана пневмония менен жабыркагандарга жазууда.
"Сураган акчаңызды берем". Бишкекте дары издемей эмнеге азапка айланды?
Видеодон кезекте тургандардын бири өзүн жаман сезип отуруп калганын көрүүгө болот. Азырынча ал фармкомпаниядан маалымат алууга мүмкүн болгон жок.
Өлкө аймагындагы соңку кабарлар менен биздин Telegram-каналдан таанышып туруңуз.