Ошко Москвадан кыргызстандыктар келди

Келгендердин арасында жаш балдар, оор илдетке кабылгандар, жакында эле операция жасаткандар, жакындары кайтыш болгондор жана оор турмуш кырдаалына тушуккандар да бар.
Sputnik

БИШКЕК, 11-июл. — Sputnik. Ошко Москвадан 156 кыргыз жараны келди. Бул тууралуу ТИМдин маалымат кызматы кабарлады.

Ага ылайык, "Ош" эл аралык аэропорту "Авиатрафик Компани" авиакомпаниясынын Москва — Ош багыты боюнча мекендештердин чартердик каттамын тосуп алган.

ТИМ: мекенге кайтууну көздөп 57 өлкөдөн КР жарандары кайрылды

"Алардын арасында жаш балдар, оор илдетке кабылган, жакында эле операция жасаткан, жакындары кайтыш болгон жана оор турмуш кырдаалына тушуккан жарандар бар", — деп айтылат маалыматта.

Тизмени Москвадагы кыргыз медициналык клиникаларынын дарыгерлери жана элчиликтин кызматкерлеринен турган атайын комиссия түзгөнү айтылды.