Акы төлөнүп, тамагы берилет. Мэрия медайым, санитарларды жардамга чакырууда

Дарыгерлерге күнүнө 2 300 сом, орто медперсоналга жана атайын жумушка тартылган ведомство кызматкерлерине 2000 сом, кичи медперсоналга 1 800 сом төлөнүп берилет.
Sputnik

БИШКЕК, 11-июл. — Sputnik. Бишкек шаарынын мэриясы күндүзгү стационарларга медик, санитарлар жетишпей жатканын айтып, медицина кызматкерлерин жардамга чакырды.

Муниципалитеттин маалымат кызматы билдиргендей, азыркы тапта коронавирус менен күрөшүп жаткан медиктер жетишпей, чарчап калып жатышат.

Кечээтен бери коронавирусту 102 киши жеңип, ооруканадан чыгарылды

"Тамак-аш, жашаганга жай беребиз. Айлык акылары Саламаттыкты сактоо министрлигинин буйругу менен карантиндик-казарма режиминдегидей төлөнүп берилет. Дарыгерлерге күнүнө 2 300 сом, орто медперсоналга жана атайын жумушка тартылган ведомство кызматкерлерине 2000 сом, кичи медперсоналга 1 миң 800 сом акы каралган", — деп айтылат маалыматта.

Эске салсак, борбор калаада учурда күндүзгү тогуз стационар иштеп жатат.