"Сураган акчаңызды берем". Бишкекте дары издемей эмнеге азапка айланды?

Өлкөдө эпидемиялык кырдаалдын курчушу менен Бишкекте айрым дары-дармектердин баасы асман чапчыды. Зарыл дарыны табуу борбор калаанын тургундарын азапка салууда. Эмне үчүн мындай көрүнүш орун алып жатканын Sputnik Кыргызстандын кабарчысы тактап көрүүгө аракет кылды.
Sputnik

Бишкектеги дарыканаларда дүрбөлөңдүн бүтчүдөй түрү жок. Мындай көрүнүш адатта бош болчу чакан соода борборлорунда да байкалууда. Дары-дармектердин баасы кыйла кымбаттады, бирок, тилекке каршы, бул шаардыктар кабылган жалгыз көйгөй эмес...

Бейтаптар же алардын жакындарынын бир тобу зарыл дарыны табуу үчүн канча болсо, ошончо төлөп берүүгө даяр. Себеби COVID-19ду жеңүүгө даба болчу дарыларды тез эле талап кетип жатышат. Бишкектиктер дарыканаларда кадимки эле аспирин өңдүү же атайын белгиленген дарыларды да табыш кыйын болуп жатканына даттанышууда.

Эл өз киндигин өзү кесип, кыйын кезеңден өз аракети менен чыгуу далалатында. Бири социалдык медиага жарыя жазып, башкалары болгон тааныштарына чалып сурап жатышат. Кай бир учурда саат, ал түгүл мүнөттөр да саналуу.

Боронов дары-дармектин бир нече айлык запасын камдоону тапшырды

Telegram сервисинде кыргызстандыктар атайын топ түзүп, бири-бирине керектүү дарыларды табууга жардамдашууда. Кайсы жерден кайсы препаратты тапканын, дарыканалардын телефон, даректерин бири-бири менен бөлүшүүдө. Бул топ улам кеңейип, ушул тапта катышуучулардын саны 11 миңден ашты. Баарынын издегени — ошол эле дарылар. Топко улам жаңы билдирүү секунд сайын келүүдө.

Өлкөнүн дары-дармек рыногунда эмне болуп жатат, бийлик тарабынан бул көйгөйдү чечүүдө кандай чаралар көрүлүүдө жана дегеле Кыргызстанга бейтаптар зарылып турган медикаменттерди ташып келүү кандайча жүрөт? Ушул суроолорго жооп табууга аракет кылдык.

"Сураган акчаңызды берем". Бишкекте дары издемей эмнеге азапка айланды?

Суроо-талап кантип 300 пайызга өсүп кетти?

Бир нече күн мурун саламаттыкты сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаев аталган мекемеде айрым дарылардын тартыштыгы байкалганын, 56 препараттан 12си жетишсиз экенин жарыялаган. Таңсыктык — такыр эле жок дегенди билдирбейт, медикаменттер бар, бирок запастоо зарыл.

Дал ушул себептен Саламаттыкты сактоо министрлигинин алдындагы Дары-дармекти жана медициналык техниканы камсыздоо департаменти фармацевтикалык компаниялардан адамдарга препараттарды дарылоонун бир курсуна гана эсептеп сатууну өтүнгөн.

Меджабдуу, дары-дармек сатып берем дегендер кайда кайрылса болот? Телефондор

Кеп коронавирустук инфекция менен күрөшүүдө колдонулуп жаткан каражаттар, айрыкча, тромбдун пайда болушуна бөгөт болчу антикоагулянт жана антиагреганттар туурасында жүрүүдө. Мурдараак аталган департамент фармацевтикалык ишканаларга башка өтүнүч менен, тагыраагы, аларды дары-дармек баасын негизсиз көтөрбөөгө чакырып жаткан эле.

Ошол эле убакта өлкөдөгү ири дарыкана түйүндөрүнүн бири айрым препараттарга суроо-талап күч алганын белгилөө менен жарандарды керек болуп калат деп эле дары камдай бербөөнү суранган.

"Айрымдарына суроо-талап 300 пайызга көтөрүлүп кеткен, бул түйүнүбүздүн айрым филиалдарында утурумдук дары-дармек үзгүлтүгүн жараткан. Биз ташуу планын жогорулатуу, филиалдарга тегиз бөлүштүрүү үчүн бардык чараларды көрдүк" — деп айтылат компаниянын билдирүүсүндө.

Дары-дармекти жана медициналык техниканы камсыздоо департаментинин Стратегиялык өнүктүрүү башкармалыгынын жетекчиси Жылдыз Жумагулова да элди "кереги тийип калса" деп эле дары сатып албоого чакырат.

"Сураган акчаңызды берем". Бишкекте дары издемей эмнеге азапка айланды?
"Чындыгында көйгөй жок эмес. Препараттарды заказ кылабыз, түшөрү менен талап кетип жатышат. Кайра таңсыктык жаралып, зарыл болгондорго ошондон улам жетпей калып жаткандыр. Дүрбөлөң экенин түшүнүп турам, ошентсе да жарандардан жөн эле камдап алуу үчүн дары сатып албоону өтүнөр элем", — деп белгиледи ал.

Адистин айтымында, көп учурда кыргызстандыктар эч кандай белгилери болбосо деле өздөрү билип дарыланып, антибиотик ичип, иммунитетин алсырата беришет.

Жумагулова клиникалык көрсөтмөлөрдө жок препараттарды да сатып албоого чакырат, анткени алардын бул илдет менен күрөшүүдө натыйжалуулугу далилденген эмес.

"Сураган акчаңызды берем". Бишкекте дары издемей эмнеге азапка айланды?

Дары-дармек ташып келүү кандайча жүрөт жана аны кантип тездетүү керек?

Кыргызстандын фармацевтикалык рыногу импортко жараша калыптанат. Дарылардын көбү Индия, Россия, Түркия, Германия, Словениядан ташып келинет. 2019-жылга карата импортчу өлкөлөрдүн тизмегинен Египетти да табууга болот. Экспорттун жалпы көлөмүнөн дээрлик эки пайызы ушул өлкөгө туура келет.

Чет өлкөлүк фармацевтикалык компаниялардын биринин өкүлчүлүгүнүн кызматкери медикаменттерди ташып келүүгө өтүнмөлөр адатта алдын ала тапшырыларын, анткени ар бир препаратты даярдоонун өз мөөнөтү бар экенин, айрымдары эки айда, башкалары алты ай дегенде өндүрүлөрүн түшүндүрөт. Дарылар ар бир өлкө үчүн "жекече" даярдалгандыктан да ушундай талап кылынат: маркировка, таңгактоо, нускамалары ички стандарттарга туура келиши керек, бул аткезчилик менен күрөшүүгө көмөк болот.

Өкмөт: беш күндөн кийин 13 тез жардам унаасы жана 17 ИВЛ аппарат алып келинет

Бирок пандемиядан улам дайым аткарылып келген механизмдерди убактылуу кайра карап чыгуу зарыл. Мартта эле КР бийлиги COVID-19ду дарылоодо колдонулган жана өтө маанилүү препараттарды ташуу жол-жобосун жөнөкөйлөтүүнү чечкен. Бул бөлөк өлкөлөр үчүн өндүрүлгөн медикаменттерди ташып келүүгө да мүмкүндүк берет.

"Мисал келтирсем, биз азыр популярдуу болуп жаткан антибиотик партиясын 10 айга жетчүдөй запас менен алып келгенбиз, бирок өтө кыска убакта эле сатылып кетти. Препаратты Россия жана Белоруссиядан өтүнгөн элек, алар бөлүшүүгө даяр. Жаңы партиясын июлдун аягына дейре алууну пландап турабыз", — деп билдирди фармацевтикалык компаниянын өкүлү.

Анын айтымында, кыргызстандыктардын керектөөсү кескин өсүп кеткендиктен, белгилүү бир дары-дармектерге болгон заявкалар көбөйүп кетти.

"Биз процессти тездеттик, ушул тапта бөлөк өлкөлөр менен сүйлөшүүлөр кызуу жүрүүдө, кимде кандай запас бар экенин тактап жатабыз. Көп нерсе заводдорго, атап айтканда, өндүрүштүк аянтчалар канчалык ыкчам чыгара аларына жараша болот", — деди ал.

Кечээтен бери коронавирусту 102 киши жеңип, ооруканадан чыгарылды

Анын башка фармацевтикалык компаниядагы кесиптеши да импорттун жол-жобосунун убактылуу жөнөкөйлөштүрүлүшү дары-дармекти бир-эки аптада ташып келүүгө жол ачарын айтат.

"Эгер заводдо препараттын, ал түгүл башка мамлекеттер үчүн даярдалган партиясы болсо да, аны Кыргызстанга салыштырмалуу ыкчам ташып келүүгө болот. Буюртма кылып, акчасын төлөп, андан соң сертификациялоо иши калат. Аны тийиштүү департамент кааласа бачым эле бүтүрүп коет", — деп белгиледи ал.

"Сураган акчаңызды берем". Бишкекте дары издемей эмнеге азапка айланды?

Бийлик эмне кылууда?

Коронавирус Кыргызстанга келгенге чейин эле департамент кырдаалды талдоо менен баш оорутуп келгенин айтат Жылдыз Жумагулова.

"Февралда эле COVID-19ду дарылоого кайсы дарылар пайдаланылат, кайсы фармацевтикалык компаниялар ошол препараттарды кандай баада, кайсы өлкөлөрдөн ташып келерин тактаганбыз. Адегенде жеңил болгон жок, себеби бүтүндөй дүйнө бул инфекцияны изилдеп жетише элек. Болгону ага жол табуу аракетин кылып жатышкан", — деп эске салды департаменттин өкүлү.

Азыр өлкөдө коронавирусту дарылоодо зарыл дарылардын тизмеси бекитилген. Жумагулованын айтымында, ал инфекцияны дарылоо стратегиясы менен кошо бир нече ирет өзгөргөн.

"Клиницисттер врачтар үчүн атайын тескемелерди иштеп чыгышууда. Эгер биринчи жана экинчи варианттарында симптоматикалык дарылоо көбүрөөк сунушталса, үчүнчүсүндө тромбоздун алдын алуучу каражаттарды да кошуу керектиги түшүнүктүү болуп калды. Акыркы тескеменин негизинде COVID-19ду дарылоодо керектелчү 56 дарыдан турган тизмени бекиттик", — деди Жумагулова.

COVID жана пневмонияны дарылаган ооруканаларга бирден өкмөт мүчөсү бекиди. Тизме

Бирок бул препараттарды ташып келүүнү уюштурууда республика кыйынчылыктарга тушукту.

"Пандемия дүйнөнү аралап жүрөт, ошондуктан ушул эле медикаменттерди башка өлкөлөр да сатып алууда. Мамлекетибиз кичине, ал эми заводдорго ири өлкөлөргө товар ташуу пайдалуу. Кытай менен болгон чек аранын жабык болушу да абалды кыйындатты. Фармацевтикалык заводдордун баары өндүрүш үчүн сырьену дал ушул державадан сатып алышат", — деп белгиледи ал.

Мындан улам КР өкмөтү бейтаптар зарылган препараттарды импорттоо жол-жобосун жөнөкөйлөтүп, мамлекеттик каттоосуз ташып келүүгө убактылуу уруксат берген. Бирок дары-дармектер сапат стандарттарына ылайык келип, тастыктоодон өтүүгө тийиш.

"Сураган акчаңызды берем". Бишкекте дары издемей эмнеге азапка айланды?

Жумагулова медикаменттердин тизмегинен тышкары, аталган департамент аларга болгон керектөө көлөмүн да эсептеп чыкканын кошумчалады.

"Белгилүү сандагы бейтаптарды дарылоо курсу үчүн зарыл болгон таңгак жана ченемдердеги дары-дармек көлөмүн аныктаганбыз. Ташып кирүү маселесин чечүү үчүн фармацевтикалык компанияларга заявкаларды жөнөттүк. Бирок заводдорго баары бир дары өндүрүү үчүн убакыт керек. Даяр болгон соң, белгилүү бир мөөнөттө жеткирилет", — деп түшүндүрөт ал.

Бир ай мурун департамент өлкөдөгү бардык ооруканалардын заявкаларын топтогон, борборлоштурулган нукта сатып алуу пландалган. Анда азыр дарыканаларда табыш кыйын болуп жаткан дары-дармектердин чоң партиясы камтылган.

Өпкө дарыгери пневмонияда керектелчү аппараттар тууралуу айтып берди

"Эгер COVID-19 боюнча дарылардын тизмесиндеги дары-дармек тууралуу айта турган болсок, анда бүгүн алардын айрымдары боюнча жагдай курч. Үч аптадан бери издеп жаткан сейрек дарылар бар, алар заводдо да таңсык. Ал эми антибиотиктерди табыш кыйын эмес, анткени аларды биздеги жетишерлик сандагы препараттар менен алмаштырууга болот", — деп тактап өттү Жумагулова.

Анын айтымында, департаментте Кыргызстанга айдын аягына дейре алып келинчү дары-дармектин тизмеги даяр. Анда импорттун так датасы жана ташуучулар так көрсөтүлгөн. Өзгөчө басым ушул тапта илдет илештиргендерге абадай зарыл антикоагулянт жана антиагреганттарга жасалган.