Ак-Ордо, Ак-Босогодо жана Аламүдүн-1 кичи районунда күндүзгү стационар ачылды

Эске салсак, буга чейин калаада тогуз күндүзгү стационар ачылган. Анда медициналык жардам эртең мененки саат 8:00дөн 20:00гө чейин көрсөтүлөт.
Sputnik

БИШКЕК, 11-июл. — Sputnik. Бишкекте дагы үч күндүзгү стационар ачылды. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы билдирди.

Ага ылайык, борборлор Ак-Ордо, Ак-Босого жаңы конуштарында жана Аламүдүн-1 кичи районунда иштеп жатат.

Акы төлөнүп, тамагы берилет. Мэрия медайым, санитарларды жардамга чакырууда

"Ак-Босого жаңы конушундагы №81 мектептин имаратында 40 орун, Ар-Ордодо №96 мектептин имаратында 30 орун даяр болду. Ал эми Аламүдүн-1 кичи районунда №38 мектептин имаратына 50 кишиге ылайыкташкан орун бар. Бардыгында бейтаптарды кабыл алуу башталды", — деп айтылат билдирүүдө.

Эске салсак, буга чейин калаада тогуз күндүзгү стационар ачылган. Анда медициналык жардам эртең мененки саат 8:00дөн 20:00гө чейин көрсөтүлөт.