Ош: чуңкур казып жаткан төрт адамды топурак басып калып, бирөө көз жумду. Сүрөт

Жумушчулар шаардагы Биринчи  май көчөсүндө таза суу түтүгүн өткөрүү үчүн чуңкурда иштеп жатышкан. Каза болгон кишинин сөөгү ИИМдин кызматкерлерине өткөрүлүп берилгени кошумчаланды.
Sputnik

БИШКЕК, 10-июл. — Sputnik. Ош шаарында төрт кишини топурак басып калып, бирөө каза болду. Бул тууралуу ӨКМдин маалымат кызматы кабарлады.

Ага ылайык, жумушчулар шаардагы Биринчи май көчөсүндө таза суу түтүгүн өткөрүү үчүн чуңкурда иштеп жатышкан.

"Топурак басып калган төрт адамдын бири кырсык болгон жерден көз жумган. Учурда анын аты-жөнү такталууда. Үчөө Тез жардам кызматына өткөрүлүп берилген, алардын абалы туруктуу", — деп айтылат маалыматта.

Аларды ӨКМдин куткаруучулары сактап калып, каза болгон кишинин сөөгүн ИИМдин кызматкерлерине өткөрүп беришкен.