Тез жардам унаасы Бишкектин чок ортосунда кырсыктан ала салды. Видео

Тез жардам тобу күндүзгү стационардагы сыркоону Фтизиатрия улуттук борборуна жаткырып, кийинки оорукчанга келе жатканда кырсыкка кабылган.
Sputnik

БИШКЕК, 10-июл. — Sputnik. Бишкектин чок ортосунда тез жардам автоунаасы кырсыкка кабылып, ала салып кетти. Окуянын жеринен тартылган видеосун "Короче" Telegram-каналы жарыялады.

Кырсык Чүй проспектиси менен Тыныстанов көчөсүнүн кесилишинде катталган. Тез жардам унаасы Toyota менен кагышкан.

Патрулдук милиция кызматына 14:20да билдирүү келген. Тартип коргоочулардын билдиришинче, Тез жардамдын ичиндеги бир жүргүнчү ооруканага жеткирилген.

Мэриянын Sputnik агенттигине билдиргендей, ал Бишкектеги медициналык Тез жардам борборунун автоунаасы. Алдын ала маалыматтарга караганда, айдоочусу жеңил жаракат алган, ал эми андагы медайымдын буту сынган деп айтылууда.

Көлдө жүк ташыган унаа менен кагышкан машинанын үч жүргүнчүсү мерт болду. Сүрөт

Дарыгерлер күндүзгү стационардагы сыркоону Фтизиатрия улуттук борборуна жаткырып, кийинки оорукчанга келе жатканда кырсыкка кабылышкан.