Бишкектеги кырдаал сабак болсун! Президент облус башчыларына тапшырма берди

Сооронбай Жээнбеков айыл чарба маселелери унутта калбашы керектигин эскертип, ооруканаларды күзгү-кышкы мезгилге даярдоо зарылдыгын белгиледи.
Sputnik

БИШКЕК, 10-июл. — Sputnik. Өлкө башчы Сооронбай Жээнбеков өкмөттүн ыйгарым укуктуу өкүлдөрү менен аймактардагы эпидемиологиялык абалды талкуулап, түзүлгөн кырдаалдан сабак алуулары керектигин айтты. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы кабарлады.

Билдирмеге ылайык, онлайн кеңешмеде аймак жетекчилери коронавирус менен күрөш кандай жүрүп жатканы жана калкка медициналык кызмат көрсөтүү тууралуу маалымат беришти.

"Өлкө башчы айыл жерлеринде илдет жугузуп алгандарды аныктоо жана изоляция режимин сактоого байкоо жүргүзүү иштерин күчөтүү керектигин айтып, аптекаларда дары-дармектердин запасына көңүл бурду. Мамлекет башчы дары-дармектерге толук аудит жүргүзүүгө, зарыл болгон дарыларды алдын ала камдап коюуга, жетишпегендери тууралуу маалымат берүүгө чакырды", — деп айтылат билдирүүдө.

Боронов дары-дармектин бир нече айлык запасын камдоону тапшырды

Мындан сырткары, Бишкектен аймактарга элдин агымынын көбөйүшүнө көңүл буруу зарылдыгын да баса белгилеген.

"Өзгөчө жай мезгилинде Ысык-Көл облусунун туристтик аймактары популярдуу болот. Андыктан облус башчылары, район акимдери, айыл өкмөттөрү жана башка жетекчилер күчөтүлгөн режимде иштеп, эс алуучуларга шарттарды түзүп бериши керек", — деген президент.

Жээнбеков айыл чарба маселелери унутта калбаш керектигин эскертип, ооруканаларды күзгү-кышкы мезгилге даярдоо зарылдыгын белгиледи. Ошондой эле облус жетекчилерине ыктыярчылар менен тыгыз байланышта иштөө тапшырмасын берген.