Радио

Алмамбетова: бейтаптар медиктердин бетинен өөп жиберейин дейт

Бишкек мэринин кеңешчиси Гуля Алмамбетова борбор калаадагы күндүзгү стационарлар тынымсыз иш алып барып жатканын айтты.
Sputnik
Алмамбетова: бейтаптар медиктердин бетинен өөп жиберейин дейт

Бишкек шаарындагы күндүзгү стационарлардагы медиктер алгачкы күндөрү жетишпей, буту-колдору шишип кеткенге чейин иштеп жатышты. Бейтаптар медиктерге ыраазычылыгын билдирип, бетинен өөп жибергиси келип жатат. Бул тууралуу Гуля Алмамбетова Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.

Саламаттык сактоо министринен пневмония, орун басарынан COVID аныкталды

Анын айтымында, Бишкек шаарынын төрт районунда экиден стационар бейтаптарды кабыл алып, ал эми бирөөсүндө үчүнчү күндүзгү стационар ачылууда.

"Бишкек шаарындагы стационарлардагы 790 орунга 8-июлда 8 086 адам кабыл алынып, 6 673 киши дарыланып, 1 349 адамга консультация берилди. Булардын ичинен 57 жаранга тез жардам чакырылып, ооруканаларга жеткирилди. Тилекке каршы, жети жаран көз жумду. Эртең мененки 8:00дөн кечки 20:00гө чейин дарыгерлер кызмат көрсөтүшүүдө. Алгачкы күндөрү медиктер жетишпей, буту-колдору шишип кеткенге чейин иштешти. Кийинки күндөрдө эки топко бөлүнүп иш алып барышууда. Мэрдин тапшырмасы менен бейтаптардын ПЦР-тести бар-жогуна карабастан жардам көрсөтүлүүдө. Бул жакта иштеген дарыгерлердин тамак-ашы, транспорту жана жашаган жери камсыздалган. Бейтаптар медиктерге ыраазычылыгын билдирип, бетинен өөп жибергиси келип жатат. Абалга жараша жеке каражаттары жана вирустун жугуу коркунучунан улам анте алышпайт", — деди Алмамбетова.

Ошондой эле ал акыркы убактарда сакайып чыккан бейтаптардын саны көбөйүп калганын кошумчалады.