Канын соргон жарганаттан коргонгон пингвиндердин видеосу

Перуда тартылган видеодон жарганаттын түн ичинде улам бир жаш пингвиндин куйрук жагына, бутуна жармашып алып канын соргонун көрүүгө болот.
Sputnik

Жарганаттардын түн ичинде пингвиндердин тобуна барып, байкатпай кол салган учурларын "National Geographic Россия" сайтына чыгарган.

Видеону BBC телеканалы илимий долбоордун алкагында тарткан.

Маалыматта бул жер Тынч океандын таштуу жээктеринин бири экендиги айтылды. Адатта ал жерди Гумбольдт пингвиндери тобу менен байырлайт.

Видеодон жарганаттын улам бир энөө жаныбарга жабыша калып, канын соруп жатканын көрүүгө болот.

Коронавирус тараткан! Бийликтин миңдеген жарганатты өрттөгөн видеосу

Тажрыйбалуураак пингвиндердин жарганатты байкап калса, баласын кадимкидей коргоп, кан соргучту чокуп, кууганга аракет кылганы да видеого түшүп калган.

Окумуштуулар буга чейин жаныбарлардын денесинде калган кызарган тактарды жарганаттар салып кетерин так айта албай жүрүшкөн. Кийинчерээк, 2013-жылы Түштүк Америкадагы Атакама үңкүрүнө жашырынган окумуштуулар өздөрү издеп жүргөн учурду түндө видеого тартып алышкан. Жарганаттар учуп келип бейкапар жаткан балапандарды тиштегенине күбө болгон. Андан кийинчерээк робот-пингвиндин жардамы менен дагы бир далилге ээ болушкан.

Окумуштуулар мындай кол салуу бала пингвиндерди өлтүрбөсө да аларды бир топ алсыратып, ал тургай кутурмага кабылтышы мүмкүндүгүн айтышкан.