БИШКЕК, 10-июл. — Sputnik. Кыргызстандын саламаттык сактоо министри Сабиржан Абдикаримов пневмония оорусуна чалдыкканы аныкталды. Бул туурасында Коомдук саламаттык сактоо башкармалыгынын жетекчиси Айнура Акматова брифинг учурунда билдирди.
Анын айтымында, министрдин коронавируска тапшырган анализинин жыйынтыгы терс чыккан. Бирок андан пневмония аныкталган.
Ал эми орун басары Нурболот Үсөнбаевдин тапшырган тести COVID-19 жугузуп алганын көрсөткөн.
9 000ден ашты! Коронавирус дагы 511 кишиден табылды
“Учурда министрдин да, орун басарынын дагы абалы орточо туруктуу деп бааланууда. Тиешелүү дарылануудан өтүп жатышат”, — деди Акматова.
Белгилей кетсек, буга чейин дарыгерлер дагы, бийлик өкүлдөрү дагы пневмония бул коронавирустун кесепетинен келип чыккан оору экенин айтышкан. Бирок COVID-19 менен пневмониянын статистикасы эки бөлөк берилүүдө.
Өлкө аймагындагы соңку кабарлар менен биздин Telegram-каналдан https://t.me/sputnik_kyrgyzstan_kg таанышып туруңуз.