БИШКЕК, 10-июл. — Sputnik. Мамлекеттик материалдык резервдер фонду жана Дары-дармектер менен камсыздоо департаменти керектүү дарылардын тизмесин түзүп, жакынкы айлар үчүн резервди толтуруусу зарыл. Мындай тапшырманы премьер-министр Кубатбек Боронов Республикалык штабдын жыйынында бергенин өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.
Премьер Бишкектин дарыканаларында айрым дарылардын жок болуп жатканы боюнча нааразычылыктар болуп жатканын белгилеген.
Исмаилова: протоколду сактагыла, туура эмес дарылоонун кесепети оор болууда
"Бүгүнкү күндө шаардын дарыканаларында айрым дарылардын жетишсиздигине даттануулар түшүүдө. Дем алыш күндөрү Бишкекке дары-дармек жеткирилет. Бир күндүн ичинде зарыл дарылардын тизмесин түзгүлө жана жакынкы айлар үчүн запасты толтуруу шарт. Мамлекеттин дары-дармек кору болушу керек. Кыргызстандын бардык аймактары тиешелүү дары каражаттары менен толук көлөмдө камсыздалууга тийиш. Саламаттыкты сактоо министрлиги зарыл дары-дармектерди сатып алуунун борборлоштурулган системасын уюштурушу зарыл", — деди өкмөт башчы.
Эскерте кетсек, акыркы маалыматтар боюнча өлкөдө коронавирус жуктуруп алгандардын саны 9 358ге жетти.