Бишкекке 300 кычкылтек концентратору, 2000 пульсоксиметр келди

Кычкылтек концентраторлору республиканын медициналык мекемелерине бөлүштүрүлүп берилери кошумчаланды. Буга чейин ушундай эле меджабдуудан 700 даана сатып алынган.
Sputnik

БИШКЕК, 10-июл. — Sputnik. Бишкекке 300 даана кычкылтек концентратору жана 2000 пульсоксиметр алып келинди. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы кабарлады.

Вице-премьер Аида Исмаилованын айтымында, буга чейин 700 кычкылтек концентратору сатып алынган.

Өкмөт: беш күндөн кийин 13 тез жардам унаасы жана 17 ИВЛ аппарат алып келинет

"Мобилдик кычкылтек концентраторлору коронавирусту жуктуруп, дарты күчөп кеткен бейтаптардын өмүрүн сактап калууга мүмкүнчүлүк берет. Мекендештерибиздин өмүрүн сактап калуу үчүн ар тараптан бардык күч-аракеттер жумшалууда", — деди Исмаилова.

Кычкылтек концентраторлору республиканын медициналык мекемелерине бөлүштүрүлүп берилери кошумчаланды.