Мөңгүгө кирип кеткен. Жалал-Абаддагы жайлоодо 14 жаштагы баланын сөөгү табылды

Издөө иштерине райондук администрация, ӨКМ, милиция кызматкерлери, айылдаштары, туугандары тартылган.
Sputnik

БИШКЕК, 9-июл. — Sputnik. Жалал-Абад облусунун Ноокен районундагы жайлоодон 14 жаштагы өспүрүмдүн сөөгү табылды. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан маалымат агенттигине Жалал-Абад облустук Ички иштер башкармалыгынын маалымат кызматы билдирди.

Ага ылайык, өспүрүм 24-июнда атасына насвай алып келүү үчүн эшегин минип үйдөн чыккан. Ошол боюнча дайынсыз кеткен. Аталган факты Ноокен РИИБинин Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, милиция бөлүмдөрүнө багыттамалар берилген.

Адам өмүрүн эмес, сөөгүн сактап калган учурлар болот. Куткаруучунун маеги

"Издөө иштерине райондук администрация, ӨКМ, милиция кызматкерлери, айылдаштары, туугандары тартылып, жыйынтыгында баланын сөөгүн малчылар 8-июлда табышкан. Алдын ала маалыматтарга караганда, өспүрүм жолго чыкканда катуу жаан жаап, коюу туман болгондуктан жолдон адашып, мөңгүгө кирип кетип каза болгон", — деп айтылат билдирмеде.

Маркумдун сөөгү жакындарына өткөрүлүп берилгени кошумчаланды.