Тоңдо сел жүрүп, чоң жолдун бир бөлүгүн алып кетти. Видео

Сел унаа жолунун 60-70-чакырымдагы жерин (Кызыл-Туу айылынын тушу) бүлүндүргөн. Анын видеосу "Короче" Telegram-каналына жарыяланды.
Sputnik

БИШКЕК, 9-июл. — Sputnik. Ысык-Көл облусунун Тоң районунда катуу жааган жаандан сел жүрүп, Балыкчы — Бөкөнбаев — Каракол унаа жолунун бир бөлүгүн алып кетти. Бул тууралуу ӨКМ маалымат кызматы кабарлады.

Сел унаа жолунун 60-70-чакырымдагы жерин (Кызыл-Туу айылынын тушу) бүлүндүргөн. Анын видеосу "Короче" Telegram-каналына жарыяланды.

Жергиликтүү тургундарды жолго чыкпай турууга чакырышты.