БИШКЕК, 9-июл. — Sputnik. Эртеңден тарта Ош облусуна кирип-чыгууга тыюу салынат. Бул тууралуу өкмөттүн облустагы өкүлчүлүгүнүн маалымат кызматы билдирди.
Соңку эпидемиологиялык кырдаалды эске алып облус жетекчилиги бир катар карантиндик чектөөлөрдү киргизген.
Баткен карантин режимин күчөтүп, облуска кирип-чыгууга тыюу салды. Тизме
Алар төмөндөгүдөй:
- 10-июлдан облустар аралык каттамдар токтотулат;
- Ар бир райондун кире беришиндеги санитардык-карантиндик посттордун иши күчөтүлөт;
- Базарлар дүйшөмбү жана бейшемби күндөрү дезинфекциялоо үчүн жабылат;
- Эс алуучу жайларда, жаратылышта ар кандай иш-чараларды, аш-тойлорду өткөрүүгө тыюу салынат. Жаратылышка эс алууга барууга да уруксат берилбейт;
- Чектөөлөргө баш ийбей той-маараке өткөргөндөргө, дары-дармек жана азык-түлүктүн баасын жогорулаткандарга катуу чара көрүлөт;
Ошто айып салынганына карабай улам той өткөргөн кафенин ээсине иш козголду
- Ош облустук казыятка жума намаздарды токтотуу тууралуу сунуш берилди;
- Бүгүнкү күндө Ош облусунда 614 адам COVID-19 жугузуп алганы аныкталган. 1 500дөй киши үй карантининде. Өткөн сутканын ичинде облустун 18 тургуну коронавируска кабылган.