Кыргызстанда кечээтен бери пневмонияга чалдыккан 42 адам ажал тапты

Үстүбүздөгү жылдын март айынан бери өпкөнү сезгенткен илдеттен көз жумган адамдардын саны 310го жетти.
Sputnik

БИШКЕК, 9-июл. — Sputnik. Кыргызстанда соңку бир сутканын ичинде пневмония оорусунан 42 адам каза болду. Бул туурасында Коомдук саламаттык сактоо башкармалыгынын жетекчиси Айнура Акматов брифинг учурунда билдирди.

Анын ичинен Бишкекте 21 адамдын, ал эми өлкөнүн башка аймактарында 21 кишинин өлүмү катталды.

Бир күндө пневмония менен ооруканага 134 адам жаткырылган. Муну менен илдетке чалдыккандардын жалпы саны 3 829 адамды түзүп, март айынан бери 310 киши каза болду.

Бүгүнкү күндө ооруканаларда 132 бош орун бар.

Суракматов: пневмонияга чалдыккандар көбөйүп, шаардыктарга коркунуч жаратууда

Белгилей кетсек, буга чейин дарыгерлер дагы, бийлик өкүлдөрү дагы пневмония бул коронавирустун кесепетинен келип чыккан оору экенин айтышкан. Бирок COVID-19 менен пневмониянын статистикасы эки бөлүнүп берилүүдө.

Өлкө аймагындагы соңку кабарлар менен биздин Telegram-каналдан таанышып туруңуз.