Кудум эле Барби! 135 миң долларга сырткы келбетин өзгөрткөн кыздын сүрөтү

22 жаштагы кыз 10 жолу пластикалык операция жасаткан. Мындан улам күйөөсү кетип калганы аз келгенсип,  жумушунан чыгууга да аргасыз болгон.
Sputnik

БИШКЕК, 9-июл. — Sputnik. Венгриялык модель Барбара Луна Сипос Барби куурчагына окшошом деп пластикалык операцияга 135 миң доллар сарптаган. Эми ал кызды жумушка алуудан бардык модель агенттиктери баш тартып жатканын Yahoo News жазды.

Бою шып тиреген узун буттуу монголиялык кыз элди таң калтырууда. Сүрөт

Барбаранын айтымында, белгилүү куурчактын образы ага бала кезинен жакчу. Ошол себептен ал кымбат пластикалык операцияларды жасатууга барган.

"Менин Барби куурчагы менен ойногонум дайыма эсимде. Кийин мен ушул куурчактай болгум келди", — деген ал.

Биринчи операциясын 17 жашында жасаткан. Анда модель төшүн чоңойткон.

2016-жылы пластикалык операцияны жакшы көргөн болочок жолдошун кезиктирген. Күйөөсү аялынын кийинки бардык пластикалык операцияларынын акысын төлөп турган.

Ошентип, 22 жашка чыккычакты Барбара 10 жолу пластикалык операция жасатып жетишкен. Бир нече жолу төшүнө операция жасатып, аны чоңойттурган. Мындан сырткары, жамбашына, оозуна, жаагына, эриндерине да операция жасаттырган. Мунун баарына күйөөсүнүн 134, 8 миң доллары корогону айтылат.

Ушундан кийин катчы болуп иштеген кыз жумуштан кетүүгө аргасыз болгон. Андан кийин, 2019-жылы, ал жолдошу менен ажырашканы маалым болду.

Эми Барбара жумушка орношо албай жатканын айткан. Модель агенттиктери анын кызматынан баш тартууда. Буга карабай бир нече операция кылдырганына өкүнбөй турганын, кийинчерээк балким дагы жасатарын айткан.