Кыргызстанда аймактарга каттаган коомдук транспорттун баары токтотулду

Мындай чечим коронавирустун жайылышын болтурбоо жана алдын алуу максатында ар бир облустун оперативдик штабдарында кабыл алынган.
Sputnik

БИШКЕК, 9-июл. — Sputnik. Бүгүндөн баштап Кыргызстандын бардык аймактарына каттаган, жүргүнчү ташыган коомдук транспорт жана автобустар токтотулду. Бул тууралуу Республикалык штабдан кабарлашты.

Билдирмеге ылайык, чектөөнүн мөөнөтү Кыргызстандын аймактарында эпидемиологиялык абал жакшырганга чейин күчүндө болот.

Ысык-Көлгө каттаган коомдук транспорт токтотулду. Жаңы чектөөлөрдүн шарты

Маалым болгондой, мындай чечим коронавирустун жайылышын болтурбоо жана алдын алуу максатында ар бир облустун оперативдик штабдарында кабыл алынган.