COVID: Казакстанда 13-июль аза күтүү күнү деп жарыяланды

Коңшу өлкөнүн башчысы эч кимди кароосуз калтырбай, ар бир казакстандыктын ден соолугуна кам көрүлөрүн убадалады.
Sputnik

БИШКЕК, 9-июл. — Sputnik. Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев 13-июлду коронавирустан каза болгондорго байланыштуу Улуттук каза күтүү күнү деп жарыялады. Бул туурасында Sputnik Казакстан агенттиги жазды.

Токаев казакстандыктарды эл башына оор сыноо келип турганда жоопкерчиликтүү, кайраттуу жана сабырдуу болууга чакырган.

"Тилекке каршы, оору казакстандыктардын өмүрүн алып кетүүдө. Берилген расмий маалыматтардын артында жүздөгөн үй-бүлөнүн трагедиясы жатат. Кимдир бирөө атасын, апасын, ага-инисин, эже-сиңдисин, уулун же кызын жоготту. Каза тапкандардын үй-бүлөсүнө көңүл айтам. Бул биздин баарыбыздын трагедиябыз. Ошондуктан мен пандемиянын курмандыгы болгон казакстандыктарга байланыштуу 13-июлду Улуттук аза күтүү күнү деп жарыялоо чечимин кабыл алдым", — деп кайрылган Токаев.

Кыргызстанга салыштырмалуу өлгөндөр аз. Коңшу өлкөлөрдө абал кандай болууда

Ошондой эле ал эч кимди кароосуз калтырбай, ар бир казакстандыктын ден соолугуна кам көрөрүн убадалап, ынтымак менен гана ооруну жеңүүгө болорун белгилеген.

Соңку маалыматтар боюнча Казакстанда коронавирустан 264 адам ажал тапты. Ал эми ооруну жуктургандардын саны 53 021ге жетип, 34 149 адам айыккан.