Чүйдүн төрөт үйлөрү иштебей жатат деген маалымат төгүндөлдү

Буга чейин соцтармактарда Сокулуктагы жана Кант шаарындагы төрөт үйлөрү жабылып калганы туурасында жазышкан.
Sputnik

БИШКЕК, 9-июл. — Sputnik. Чүй облусундагы айрым төрөт үйлөрү иштебей жатат деген маалымат чындыкка дал келбейт. Бул туурасында өкмөттүн облустагы өкүлчүлүгүнүн маалымат кызматы билдирди.

Ага ылайык, учурда Чүй облустук төрөт үйү штаттык режимде иштеп жатат. Күн сайын бул жайда 17-20 аял көз жарууда. Ошондой эле Сокулук райондук аймактык оорукананын төрөт бөлүмү дагы күнү-түнү иштеп жатканы айтылат.

№1 шаардык оорукананын медигинин кайрылуусу боюнча башкы дарыгер текшерилет

Ал эми Кант шаарында жайгашкан Ысык-Ата аймактык оорукананын төрөт бөлүмү жабык турат. Буга байланыштуу аталган районго катталгандарды облустук төрөт үйү кабыл алууда.

Маалымат кызматы Чүйдөгү мындан башка төрөт үйлөрү адаттагыдай эле тартипте иштеп жатканын белгиледи.