Жээнбеков Бишкектеги күндүзгү стационарга барып, медиктерге жолукту. Сүрөт

Мамлекет башчыны Бишкек шаарынын мэри Азиз Суракматов коштоп барып, борбор калаада учурда төрт күндүзгү стационар иштеп жатканын, дагы бешөө ачылуу алдында турганын айткан.
Sputnik

БИШКЕК, 8-июл. — Sputnik. Мамлекет башчы Сооронбай Жээнбеков Бишкектеги күндүзгү стационарга барды. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы кабарлады.

Билдирмеге ылайык, аны Бишкек шаарынын мэри Азиз Суракматов коштоп барып, борбор калаада учурда төрт күндүзгү стационар иштеп жатканын, дагы бешөө ачылуу алдында турганын айткан.

Жээнбеков Бишкектеги күндүзгү стационарга барып, медиктерге жолукту. Сүрөт

Жээнбеков дарыгерлер менен баарлашып, шаарда стационарлар өз убагында ачылганын баса белгилеген.

Жээнбеков Бишкектеги күндүзгү стационарга барып, медиктерге жолукту. Сүрөт
"Стационарлар, албетте, убактылуу объектилер, алар мындан аркы кырдаалга жараша иштейт. Комплекстүү заманбап клиниканын жоктугу азыркы кырдаалда өзгөчө курч сезилүүдө. Бишкекте бардык медициналык кызмат көрсөтүүлөр болгондой комплекстүү клиника курабыз. Мамлекеттик-жеке өнөктөштүктүн негизинде заманбап оорукана салуу үчүн каражат бөлүүгө кызыкдар инвесторлор бар. Мындай заманбап ооруканалар бардык облустардын борборлорунда салынат", — деди президент.

Бишкекте COVID, пневмонияга кабылгандар үчүн кошумча орун уюштурулду. Дареги

Өз кезегинде мэрия калаанын аймагына заманбап комплекстүү клиника куруу үчүн жер тилкесин караштырып жатканын кошумчалаган.

Жээнбеков Бишкектеги күндүзгү стационарга барып, медиктерге жолукту. Сүрөт

Жээнбеков медиктер менен жолугушуу учурунда аларга жасап жаткан эмгеги үчүн ыраазычылык билдирген.

Жээнбеков Бишкектеги күндүзгү стационарга барып, медиктерге жолукту. Сүрөт
"Башка жарандар сыяктуу мен дагы дарыгерлердин кесипкөйлүгү менен кайраттуулугуна ишенем. Өз ден соолугуңарга коркунуч келип турганына карабастан, мекендештердин саламаттыгы үчүн иштеп жатасыздар. Көзүңөрдөн чарчап-чаалыгуу, коркууну эмес, жалынды, мээримдүүлүктү жана ишенимди, элге жардам берейин деген каалоону көрүп турам. Бул мага дем берет. Биз баарыбыз биримдикте кыйынчылыктарды жеңерибизге ишенем", — деген Жээнбеков.

Эске салсак, борбор калаада калкка алгачкы медициналык жардам көрсөтүү үчүн бир катар күндүзгү стационарлар ачылган.