Силерге ыраазымын! Жээнбеков күндүзгү стационарга барып, медиктерге жолукту. Видео

Бүгүн президент Сооронбай Жээнбеков Бишкектеги күндүзгү стационарга барып, ал жерде иштеп жаткан медициналык кызматкерлер менен жолукту. Алардын учурдагы эмгегин белгилеп, ыраазычылыгын билдирди.
Sputnik

Эске салсак, борбор калаада калкка алгачкы медициналык жардам көрсөтүү үчүн бир катар күндүзгү стационарлар ачылган.

Президент ал жердин шартын кыдырып көрүп, дарыгерлер менен пикир алышкан.

"Өз ден соолугуңарга коркунуч келип турганына карабастан, мекендештердин саламаттыгы үчүн иштеп жатасыздар. Көзүңөрдө чарчап-чаалыгуу, коркуу эмес, жалын бар. Ошого сүйүнүп жатам. Бул мага дем берет. Силерге ыраазымын, кудай колдосун", — деген Жээнбеков ак халатчандарга.

Жээнбеков Бишкектеги күндүзгү стационарга барып, медиктерге жолукту. Сүрөт

Өткөн суткада Кыргызстанда 345 адам COVID-19 жугузуп алганы аныкталды. Азыркы тапта стационарда 592 киши бар, анын 17си реанимацияда. 4 799 адам үй карантининде дарыланып жатат. Ушуну менен Кыргызстандын аймагында коронавирусту илештирип алгандардын жалпы саны 8 486га жетти.

8-июлга карата коронавирус жана пневмониядан 57 адам каза тапты.

Өлкө аймагындагы соңку кабарлар менен биздин Telegram-каналдан таанышып туруңуз.