Түркиядан 326 кыргызстандык жаш балдары менен келди. Сүрөт

Тышкы иштер министрлиги чет жактагы кыргызстандыктарды кайтаруу боюнча аракеттер улана турганын билдирди.
Sputnik

БИШКЕК, 8-июл. — Sputnik. Бишкекке Түркиядан 326 кыргызстандык жаш балдары менен келип түштү. Бул туурасында Тышкы иштер министрлигинин маалымат кызматынан кабарлашты.

Аларды Стамбул — Бишкек — Стамбул багыты менен Turkish Airlines компаниясынын чартердик каттамы алып келди.

Бишкекке Минск аркылуу Европадагы кыргызстандыктар алып келинди

ТИМден Түркиянын эл аралык аба каттамдарынын ачышы жана аймагына чет элдиктерди киргизүүгө салынган тыюуну алышынан улам башка өлкөлөрдө жашап жаткан кыргызстандыктардын кайтышына шарт түзүлгөнүн билдирди. Мекендештер Малайзия, Түштүк Кипр, Израиль, Болгария, Канада жана Европанын, Азиянын жана Африканын өлкөлөрүнөн келди.

Тышкы иштер министрлиги чет жактагы кыргызстандыктарды кайтаруу боюнча аракеттер улана турганын белгиледи.