Жогорку Кеңештин төрагасы Дастанбек Жумабеков бүгүн Бишкек шаарындагы бир нече дарыканаларга кирип, дары-дармектердин баасын сурап чыкты. Бул тууралуу парламенттин маалымат кызматынын башчысы Ибраим Нуракун уулу социалдык тармактагы баракчасына жазды.
Пандемияда кымбаттаган дарылар: чыга элек токтом, алакан жайган аптека ээси
Ошондой эле Жумабековдун дарыканаларды кыдырып жүргөн видеосу да жайгаштырылды.
“Төрага айрым дарыканаларда кезек күткөн элди өз көзү менен көрдү, өзү да кезекке турду”, — деп белгилейт маалымат катчы.
Ал жарандар "дарылардын баасы обу жок көтөрүлдү" деп кайрылышканын белгилеп, төрага тиешелүү органдардан бул кырдаал боюнча кескин чара көрүүнү талап кыларын айткан.